Бишкек шаары боюнча төрөт үйлөрү профилактикалык иштерге байланыштуу жабылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын консультанты Елена Баялинова маалымдады.
Маалыматка ылайык, №2-төрөт үйү 26-июндан 23-июлга чейин, №2-клиникалык төрөт үйү 26-июндан 23-июлга чейин жабылды. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмү 24-июлдан 18-августка чейин, №1-төрөт үйү 14-августтан 8-сентябрга чейин иштебейт.
Ал эми Чүй облустук бириктешкен ооруканасынын төрөт бөлүмү 9-сентябрдан 5-октябрга чейин, шаардык гинекологиялык оорукана 14-августтан 8-сентябрга чейин, Шаардык перинаталдык борбору 6-26-октябрларда бейтаптарды кабыл албайт.