"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Дональд Трамп фуражкасы шамалдан учуп кеткен аскерге жардамдашты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Vid).
Видеодо АКШнын “Эндрюс” авиабазасында америкалык лидер Дональд Трамп тик учакка түшүп баратып, ардактуу күзөт бөлүмүнүн аскерине жардамдашып, бирок анын аракети ишке ашпай калганы көрсөтүлөт. Президент катуу шамалдан жерге учуп түшкөн аскердин фуражкасын тик учакка жеткенде көргөн. Аскерге ордунан жылууга уруксат берилбегендиктен, Трамп фуражканы алып анын башына кийгизип, далысын таптаган. Бирок президент аскерден бурулар замат фуражка кайрадан учуп кетип, аскер кыймылдабастан милдетин уланта берген. Дональд Трамп кайрадан фуражканы жерден алып, жанындагы аскер кызматына карматып тик учакка бет алат.
Бул видео интернет айдыңына кенен тарап, коомчулукка жылмаюу тартуулаган пикирлерди жаратууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.