Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Акбулуӊ жана Нарын 1 ГЭСтерин, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишимге Кыргыз өкмөтү менен чехиялык компания кол койду. Кол коюу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, "Liglass Trading CZ, SRO" чехиялык компаниянын директору Михаил Смелик катышты.
Документтерге ылайык, Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Акбулуӊ жана Нарын 1 ГЭСтери, ошондой эле "Орто-Токой-1", "Орто-Токой-2", "Папан", "Чоң-Аксуу", "Кара-Суу сол тарап-1", "Кара-Суу сол тарап-2" чакан ГЭСтери 2019-жылдын 30-декабрына чейин курулат. Ал эми "Сандык-1", "Сандык-2", "Сандык-3" ГЭСтери 2020-жылдын аягына чейин курулат. Учурда Дүйшөнбек Зилалиев жана чехиялык компаниянын өкүлдөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүшүүдө.