Бишкек шаардык мэрия шаар тургундарынан борбордогу Пионер жана Комсомол көлдөрүнүн тазалоо иштери бүтмөйүн жана аларга суу толтурулмайын түшпөй турууну өтүндү.
"Тазалоо иштери бүткөн соң мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан Кара-Жыгач токоюндагы көлдөрдүн суусу текшерилет. Анын жыйынтыгынан сууга түшүү сезону качан ачылары белгилүү болот. Анализдер чыккан соң гана шаардыктар кооптонбой көлдөргө түшө алышат", - деп жазылат маалыматта.
Аталган көлдөр 15 жыл аралыгында алгачкы жолу "Жашылдандыруу" ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Тундурманын жалпы аянты 0,7 гектар. Көлдөрдүн түбүнүн аянты 6 гектар, Пионердин аянты 4 гектар болсо, Комсомолдуку 2 гектар.
"Жалпысынан тазаланчу аянт 21 миң метр куб болсо, бүгүнкү күндө 16,7 миң метр куб аянты тазаланды. Көлдөргө сууга түшүү июль айынын ортосунан тарта уруксат берилери болжолдонууда", - деп кошумчалашкан мэриядан.