Кыргыз өлкөсү менен Швейцариянын соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды

Бүгүн, 10-июлда президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын каржы министри Ули Маурерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекети менен Швейцариянын ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташуу маселелери талкууланды.

Швейцариянын каржы министри Ули Маурер Кыргыз өлкөсү тууралуу жакшы таасирлери менен бөлүштү, эки өлкөнүн окшоштуктарын белгилеп, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнү колдоорун айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк банк жана эл аралык валюта фонду менен кызматташуусундагы өлкөнүн бюджетин колдоого бөлүнгөн каражаттарга тиешелүү көйгөйлүү маселелерге дагы токтолушту. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеште данга кошумча нарк салыгын киргизүү тууралуу мыйзамды кароо жана кабыл алуу боюнча маселенин создугуп жатышына байланыштуу бушаймандык билдирилди.

Атамбаев Швейцария тарапка демократияны өнүктүрүүгө, өзгөчө шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган түрдүү чөйрөдөгү реформаларды колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан