"Достор", "Президент жана бомж" тасмаларында селсаяктын ролун жараткан театр актёру Калыбек Назаралиев 10-июлда каза болду. Ал акыркы жылдары Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүндө күн кечирип жаткан. Бул тууралуу аталган карылар үйүнүн директору Бактыбек Жунушев билдирди.
Ал актёрду адамгерчиликтүүлүгүн, баары менен сый мамиледе болгонун белгилеп өттү. "Кээ бир учурда ачууга алдырып, өзүн кармай албай жанындагыларды катуу урушуп салчу. Кезинде кесибине байланыштуу үй-бүлөсүнө жакшы көңүл бурбай калса керек, карылар үйүндө жашап калды. Калыбек Назаралиев инсульт болуп, баса албай ооруп жүргөн. Баласы келип кабар алып турчу. Акыркы кездерде абалы начарлап кеткенде уулун чакырганыбызда келип кеткен. Андан 2-3 күн өтпөй дүйнө салды. Уулу жерге берүү үчүн Таласка алып кеткенин айтты", - деди Жунушев.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты актёрдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Калыбек Назаралиев Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылында 1951-жылы туулган. Москвада өткөн декадада коюлган спектаклде ойногон ролу үчүн Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Актёр өзүнүн жашоосу тууралуу "Супер-Инфого" берген маеги бул жакта.