Бүгүн, 11-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек ара кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөр элдин ишенимин кетирип жатканын айтты. Бул тууралуу ал көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу боюнча өтүп жаткан жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
“Чек ара кызматкерлеринин коррупциялашып жатканы боюнча көп даттануулар түшүп жатат. Анын ичинде чет өлкөлүк туристтер бар. Азыркы учурда түз далилдер жок. Бирок жакында аныкталат. Мындай көрүнүш өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизет”, - деди ал.
Сооронбай Жээнбеков чек арада коррупция менен күрөшүү ишин күчөтүү керек экенин белгиледи.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев айтылган сындар боюнча иштер жүргүзүлүп, чара көрүлө турганын билдирди.
Ал эми УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин айтымында, жүргүзүлгөн мониторингде чек ара кызматынын коррупциялык иштери боюнча 4 багыты аныкталган. Бул боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында өкмөт башчы аларга катуу чара көрүү керек экенин эскертти.