SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Муздаткычка кам көрүү" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Муздaткычкa кaндaй гaнa тaмaк-aш койбо, сөзсүз aнын оозу жaбык болуш керек. Антпесе тaмaк-aштын жыты бири-бирине aрaлaшып, муздaткычты aчкaндa жaмaн жыт келет. Aнaн дa жыт уруп, сaлaттын жана башка нерселердин даамы да өзгөрө бaштaйт. 4-5 күндө бир aарчып туруу керек. Эгер сaлaт тaбaктa болсо aны стрейч-плёнка менен жaап койсоңор болот".
"Жакында эле сыналгыдан көрдүм, кадимки эле алманы же лимонду кесип, чыныга салып койсо, жаман жытты соруп алат экен".
"Муздаткычтан суу чыгуусу демейдеги эле көрүнүш. Анткени ачып-жаап, ысык менен суук арасында буу пайда болуп, суу топтолот жана муздаткыч "no-frost" болбосо дагы көп суу бөлүп чыгарат. Себеби муздаткычтын боорунда жука катмарда муздар бир жагынан эрип, бир жагынан муз топтолуп турат. Анан муздаткычтын алдында атайын суу топтолгонго ылайыкталган калып болот, өзүң деле көрсөң керек".
"Муздаткычтын ичинде ар кандай жыттар пайда болбош үчүн ар бир текчесине 1-2 кесим кара нандан салып койгон жакшы, алар болгон жытты өзүнө сиңирип алат, нанды тез алмаштырып туруу керек. Ошондой эле сууга соода салып ичин сүртүп койсоңуз жыты кетет, анан ар кандай тактар дагы бат кетип жаркырап калат".
"Муздаткыч менин сүйүктүү буюмум. Конокко барсам да биринчи көзүмө үй ээсинен мурда муздаткычы көрүнөт. Муздаткычтагы тамак-аштарды жыты бири-бирине аралашпоосу үчүн, ашкан тамак-ашты атайын контейнерге салам. Жай мезгилинде дарбыз, коондун кесилген жерин пакет менен жаап салам. Сары май, каймак май, бал өңдүү нерселерге муздаткычтын жыты бат сиңип кеткендиктен буларды да үстү жабык идиштерге салып сактайм. Этке келсек, ар бир тамакка ылайыктап кесип атайын баштыкчаларга коюп, уй, жылкы деп жазып салып коём. Бул мен үчүн ыңгайлуу. Жагымсыз жытты билдирбеш үчүн лимонду кесип салып коём".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.