8-июлда Бишкектеги Chicago pub & karaoke эс алуу жайында шаар тургуну октон каза тапканы тууралуу кабарланган. Каза болгон Азим Жекшеновдун 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы бар экени маалым болду. Ал Камила Таштанбекова менен ушул жылдын сентябрь айында баш кошмок. Окуя кызганычтан болгону болжолдонгону менен, башка жагдайлар ачыкталууда. Жалпыга мындай маалыматтын тарашы Камила Таштанбековага оор болуп жатканын бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына өзү билдирди.
"Окуя кызганычтан болушу мүмкүн эмес. Ал түнү Азимдин жанында Ислам, Руслан аттуу достору жана Эля аттуу кыз болгон, алардын баарын тааныйм. Анын каза болгонун оңою менен кабыл ала албай жатсам, жалпыга маалымдоо каражаттары "Азимди ал кызды кызганган" деп жазышканы мен үчүн оор тийип, ого бетер кыйын абалга кептеп жатат. Ал кыз менен Азимдин ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес. Экөөбүз 3 жылдан бери мамиледе болчубуз, мен сентябрда барганда үйлөнмөкпүз. Кээ бир адамдардын "Азимди сен өлтүрдүң, бир убакта эки бала менен сүйлөшпөй эле койбойсуңбу" деген сөздөрү мага катуу тийди", - деген Таштанбекова Азим Жекшеновду акыркы жолу Түркияга учар алдында, 18-июнда көргөнүн кошумчалады.
Ошондой эле Жекшеновду өлтүргөнгө шектелип кармалган Ислам Э. курал Азим Жекшеновго таандык экенин айтканы маалым болду. Таштанбекова маркум курал, бычак алып жүрбөгөнүн айтып, курал кафенин сейфинен алынганын кошумчалады.
"Ал кыз талашмак тургай, кызганчу эмес. Мен ушунча убакыттан бери аны жакшы билип калгам. Экөөбүз жакын болгондугубуздан, мага бардык сырын айтып турчу. Каргашалуу окуя болгон күнү да телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Бирок ал күнү эмне болгонун мен да билбей жатам. Эля дагы эмне себептен экөөнү тең тааныбайм деп койгону таң калычтуу болуп жатат. Ислам өзүн коргоо үчүн куралды "Азимдики болчу, ал мени атканы жатканда, өзүн атып алдым" деп коюптур. Руслан дагы окуя тууралуу так жооп бербей жатат. Ал "мен ошол маалда эшикке чыгып кеткем" деп койду. Тирүү калган адамды коргоп коюшат турбайбы...", - деген Камила Таштанбекованын оюнда, эки достун ортосундагы араздашуунун себеби бөлөк. Аталган жайда иштеген Эля буга чейин кылмышка шектүү Ислам менен мамиледе болгонун айтат Таштанбекова.
"Менин угушумча, учурда Эля менен Руслан мамиледе экен. Окуя болгон маалда Ислам Азим менен сүйлөшүп отуруп, Эляны Русландан кызганыптыр", - деди Таштанбекова.
Бул окуянын күбөлөрүнө жана шектүүнүн жакындары менен байланышуу мүмкүн болбогондуктан, алардын да оюн чагылдырууга даяр экенибизди билдиребиз .