Бүгүн, 11-июлда Эсептөө палатасынын кылмышка шектелип жаткан мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев сотто күбө катары көрсөтмө берген Эсептөө палатасынын кызматкери Төлөгөн Чормоновдун көрсөтмөлөрүндө дал келбестик чыгып жатканын айтты. Чормонов убагында Эсептөө палатасына 5 автоунаа сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү болгон. Соттук отурумда ал фактылардын көбү эсинде жок экенин билдирди.
Айыпталуучу Иманалиев ага: "Сиз калп айтпаңыз. Үч башка көрсөтмө берип, анын айынан айыпталуучу үчөөбүз жапа чегип жатабыз. Сиз кант илдети менен ооруйсуз, туурабы? Бул илдеттен жабыркагандар көп нерсени эсине сактап кала алышпайт. Окуя 2011-жылы күз айларында болгон болсо, андан бери 6 жыл өттү. Бирок сиз быйыл жазында эле тергөөдө баарын тизмектеп айтыптырсыз да, азыр көрсөтмөдө эмне деп айтканыңызды эстей албай жатасыз.
Ал эми бир көрсөтмөңүздө Алмамбет Шыкмаматов Али Юксел жана мен тууралуу "автоунааларды сатып алууга тиешелери болгон, таасир этип турушкан" деп айтыптырсыз. Үчөөбүздүн бирибиз менен сүйлөштүңүзбү, кантип билдиңиз? Ошондой эле унаалар 2011-жылдын 10-октябрында сатып алынса сиз "6-октябрда сатып алуу боюнча фирма менен келишимге кол койдум" деп жатасыз. 6-октябрда автоунаалар сатылып алына элек болчу, келишимге кантип кол коюлат?" - деди.
Андан кийин күбө катары Эсептөө палатасынын ошол учурдагы аудитору Айнура Абдылдаева көрсөтмө берди. Ал сатылып алынган 5 автоунаа ар бир аудитор тарабынан тандалганын жана унаалардын бирин өзү алганын айтты.
"Мага Жусуп Иманалиев комиссиянын төрагасы катары унааны өзүмдү тандап алуумду сунуштаган. Бирок мен унааны жакшы билбегендиктен жана кызмат аркылуу башка жакка бараткандыктан уулума айтып, уулум интернеттен карап, унааны мекеменин чарбалык кызматына алдыртып келген. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Бирок унаалар алынгандан кийин мага бир унааны көрсөтүшүп, мен кызмат үчүн айдоочума айдатып, пайдаландым", - деди Абдылдаева.
Эсептөө палатасына унааларды сатып алып берген "Би Старк" ортомчу фирмасынын башкы эсепчиси да көрсөтмө берди. Ал 5 автоунааны сатып алуудан жана кайра Эсептөө палатасына сатуудан фирмага 200 миң сом түшкөнүн жана унааларды сатып алууда Алмамбет Шыкмаматов аралашканын билбей турганын, аны көрбөгөнүн айтты.
Айыпталып жаткандардын жактоочулары тарабынан ишти башка күнү улантуу өтүнүчү келтирилип, сот кийинки отурумду 18-июлда улантуу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселге ушул жылдын 17-февралында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.
Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.