Кечээ, 11-июлда Бишкектеги тойканалардын биринде "Супер-Инфо" гезити уюштурган “Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагын өткөрдү. Ага жалпысынан 19 сулуу катышып, “Саламдашуу”, “Улуттук кийим” жана “Кече көйнөк” көргөзмөлөрү боюнча ат салышышты.
Жыйынтыгында “Кыргызстан сулуусу-2017” наамы 18 жаштагы Айгерим Бектенбаевага, ал эми вице-мисс 20 жаштагы Нази Маатказиевага, экинчи вице-мисс 16 жаштагы Виктория Беланга буюрду.
Белгилүү болгондой, жеңишке жетишкен сулуулар чет өлкөлөрдө боло турган сулуулук сынактарына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Сынакты эстрада ырчылары коштоп, оюн-зооктор уюштурулду.