Америкалык рэпер Уиз Халифа жана Чарли Пут биргеликте аткарган “See You Again” чыгармасы YouTube`дагы эң көп каралган видеолордун сап башына чыкты. Аталган композиция 2,9 миллиард жолу каралып, буга чейинки кароолор боюнча рекорд койгон Түштүк Кореялык ырчы PSY`дын “Gangnam Style” чыгармасын артка калтырды. Учурда PSY`дын клибиндеги кароолордун саны – 2,8 миллиард.
“See You Again” ыры 2015-жылы чыккан “Форсаж 7” тасмасына саундтрек катары жазылган. Клип тасмада Брайан О’Коннердин ролун аткарган, 2013-жылы жол кырсыгынан каза болгон актёр Пол Уокердин жаркын элесине арналган. Ага актёрдун тасмадагы эпизоддору кошулган.
Белгилей кетсек, кароолор боюнча алдынкы үчтүктө Уиз Халифа менен PSY`дан сырткары 2,3 миллиард көрүүчү топтогон “Маша жана аюу” мультфильминин "Маша+ботко" эпизоду турат.