Таза суу маселеси боюнча Арча-Бешик конушунун тургундары мэриянын алдына нааразылык билдирип чогулушту

Бишкек шаарынын мэриясынын алдында 2 айдан бери ичүүчү суу жок деп нааразылык билдирген Арча-Бешиктин тургундары чогулушту. Мэриянын имаратынын алдында 30 чакты конуштун жашоочусу келип, жолугушуу үчүн шаардын мэрин чыгуусун талап кылышты.

Тургундар шаардын ичинде унаа жуучу жайлар, фонтандар иштеп жаткан маалда алардын ичерге суу жок болгонун айтып чыгышты. Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Асанова эл алдына чыгып тынчтандыруу аракетин көрдү. Ал "Бишкексууканал" ишканасынын башчысын, Ленин районунун акимин чакырып жыйналыш өткөрүп, маселени карап чыгарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан