Жол кырсыгына кабылып, эки бутунан жабыркаган Абдыкалык Маматовдун ишин караган сот ишти жаап салды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда жабырлануучу Маматов өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Соттук отурум буга чейин бир нече жолу жабырлануучулар, күбөлөр келбей өтпөй калып жаткан. Мындан сырткары судья ооруп калып отурум өтпөй калган учурлар да болду. Эми минтип ишти кароонун мөөнөтү өттү деген шылтоо менен судья Анаркүл Бирюева ишти жаап салды. Соттун бул кадамынан улам ага ишеним жоголду. Мындан ары мен жарандык сотко кайрылууга аргасыз болуп жатам. Жакында документтерди чогултуп сотко кайрылам. Алар адилеттүү чечим кабыл алып берет деп ишенем. Менин талабым унааны кайрадан ордуна коюп, операцияга керектелүүчү чыгымдарды төлөтүү. Мындан башка эч нерсенин кереги жок", - деп билдирди Маматов.
Эске салсак, 2015-жылдын 19-ноябрында Сокулук-Кант унаа жолунда катуу жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 29 жаштагы жигит Абдыкалык Маматов майып болуп калганын кабарлаган.