Данияр Нарымбаев 2010-жылдын 13-майында Текебаев кайда болгонун айтты

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев сотто Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш ишинин алкагында күбө катары көрсөтмө берди. Нарымбаев 2010-жылдын 13-майында Текебаев кандай иш-чараларга катышканын айтты.

Белгилүү болгондой, Текебаев "2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский менен жолугушуп "Супара" эс алуу жайында "Мегаком" боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн" деп айыпталууда. Нарымбаев 13-май күнү Текебаев 2 маанилүү жыйынга катышканын ачыктады.

"13-май күнү эртеӊ менен "Хаят" мейманканасында Венеция комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөн. Текебаев ал жыйынга катышты, түштө чогуу тамактандык. Саат 13:30дар чамасында Текебаев өкмөткө жөнөп кетти. Мен "Пинара" мейманканасына кеттим, ал жерде саат 16:30да Конституциялык кеӊешме өтмөк. Текебаев кеӊешмеге саат 18:00 чамасында келип, 9га чейин биз менен чогуу болду. Жыйын бүткөндөн кийин кайра өкмөткө барышы керектигин айткан", - деди Нарымбаев.

Нарымбаевге жактоочулар "күбө Модин көрсөткөн өкмөт үйүндөгү бөлмө Текебаевдин кабинети беле?" деген суроо берилди. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси аталган тасманы көргөнүн айтып: "Модин Текебаевдин кабинетинин жанынан өтүп барып Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарынын кабинетин көрсөттү. Модин көрсөткөн кабинет Текебаевдики эмес экени айдан ачык", - деген жооп узатты.

Белгилей кетсек, Текебаев буга чейин 2010-жылдын 13-майында түшкө чейин тегерек столго катышканын, саат 14:00дө Убактылуу өкмөттүн жыйынына, 17:30да "Пинара" мейманканасында Конституциялык кеӊешмеге катышканын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-07-13 18:06:02
Эми эч кимден коркпой озунорго келип атасынарх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан