Жактоочу: "Текебаев менен Чотонов тергөө абагында калтырылды"

Жогоку Сотто бүгүн саат 14:00дө Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралмак. Бирок Жогорку Сотту кайтарган аскерлер имаратка эч кимди киргизбей жатышат. Айыпталуучулардын тарапташтары, депутаттар жана ММК өкүлдөрү эшикте турушат.

14:25. Аскер кызматкерлери Жогорку Сотко саат 15:00гө чейин эч кимди киргизбөө боюнча тапшырма берилгенин айтышууда. Мындан улам сотко башка жумуштары менен келген жарандар да кире албай түшүнбөстүктөр жаралууда.

14:28. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов: "Сот процесси жүрүп жатышы мүмкүн. Эч себепсиз эле бизди киргизбей жатат", - деди.

14:29. Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулган элдин алдына милиция кызматкерлери келе баштады.

14:52. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Соттун эшигине отуруп алды. Ал соттун иш аракетине нааразылыгын билдирип жатат. Милиция кызматкерлери аны ордунан жылдырууга аракет кылды. Бирок натыйжа чыккан жок.

15:10. Соттук отурумга келген Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары "Боштондук!" деп кыйкырып жатышат.

15:10. Сот отуруму жашыруун өткөнүн жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди. Ал баш коргоо чарасы боюнча иш токтотулганын, бирок сот анын себептерин кийин кагаз жүзүндө бере турган болгонун кабарлады. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов тергөө абагында калтырылды.

15:24. Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова: "Сот жашыруун өттү. Жактоочулардан Чынара Жакупбекова гана кирди", - деп билдирди.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы соттук коллегия Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча жактоочулардын даттанууларынын негизинде козголгон көзөмөл өндүрүшүн кыскартканын, жактоочулардын даттануулары кароосуз калтырылганын билдирди.

Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды. 16.06.2017.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mr.ulan89
2017-06-16 15:07:21
Текебаевдин да моонотун жылдырат бир шылтоо менен бул саясий оюн шайлоо болмойунча бутпойт Текебаев чыкса шайлоодон кийин чыгат эгер шайлоо таза болсо же балким ага чейин эле АША кетеби
+9
mr.ulan89
2017-06-16 15:35:37
Мына айткандай эле болду дагы белгисиз моонот эх ушуларды коколумдан кана келбейт да ХХХ ХХХ
+10
admin_superstan
2017-06-16 16:48:17
mr.ulan89, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
-3
tynkatar03
2017-06-16 17:31:17
Кечке эле белгисиз моонот боло бербейт. Чыгышат буйруса. Анан эсептешет.Текебаев, Жапаровтордун ак экенин АША менен соттордон башкасы баары эле билет.
+5
nurbekasr
2017-06-16 19:05:19
Шайлоого чейин АША кетет чет мамлекеттердин бирөөсүнө ден соолугуна байланыштуу деп.Текебаев июль айына жетбей чыгат буюрса.Анан президенттик шайлоого карата ал жаны калгыча аракет кылышат баардыгы алыбек алына Жаныбек жанына жараша дегендей.Жапаров да чыгат.
+2
bakulya2015
2017-06-16 22:39:24
nurbekasr,айтканыныз келсин! Бирок Текебаевтин соту ноябрга жылды дештиго. Жапаров болсо белгисиз жылдырылды деди. Кандай болсода,Аллах бар буйруса баары жакшы болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан