"ЭЛДИК КАБАРга" жооп. Экотехинспекция: "Көп кабаттуу үйдүн курулушунун коопсуздугу боюнча 1 жылда бир эле жолу текшергенге уруксат"

Көп кабаттуу үйдүн курулушунун коопсуздугу боюнча 1 жылда бир эле жолу текшергенге уруксат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкы инспектору Тимур Текебаев билдирди.

“Мамлекеттик эмес ишканаларды текшерүү үчүн алдын ала Экономика министрлигинин макулдугун алыш керек. Курулуш ишканаларына 10 күн мурун текшерүү жүргүзүлө тургандыгы тууралуу билдирме беребиз. Албетте, мынча күндүн аралыгында даярданып алышат. Мындай көрүнүштөр тоскоолдук жаратып келет. Курулуш иштеринде жумушчулардын коопсуздугу сакталбай келгенин биз деле көрөбүз. Бирок ошол учурда кирип барып текшерген мыйзам бузгандык болуп калат. Ал эми текшерүү учурунда мыйзам бузган фактылар аныкталса, аны жоюу үчүн мөөнөт берилет. Аны аткарбаса административдик айып пул салынат. Айыл пулдун көлөмү 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин”, - деди ал.

Эске салсак, Бишкекте көп кабаттуу үй куруп жаткандар коопсуздукту сактабай иштеп жатышканы боюнча окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан