Биз социалдык тармакта

Милан шаарындагы жаштардын жүрүшү башаламандыкка айланды (видео)

Кечээ, 18-октябрда Италиянын Милан шаарында жаштардын нааразычылык акциясы массалык башаламандыкка айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Митинг учурунда беткап кийген демонстранттар соода түйүндөрүн талкалап, унаалар менен таштанды челектерин өрттөп, тартип сакчыларына кол салышкан. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ жана суу атуучу куралдарды колдонууга мажбур болду.

Милан шаарынын мэри Жузеппе Сала бир катар дүкөндөр тонолгонун тастыктап, орун алган окуялар шаар тургундарынын үрөйүн учурганын белгиледи. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардын натыйжасында 160 адам кармалды. Алардын 80 пайызга жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр экени аныкталды.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Миландагы тополоңду кескин айыптады. Өкмөт башчысы башаламандык уюштургандарды "демонстрация укугун тартип сакчыларына кол салуу жана кыйроолорду жаратуу үчүн пайдаланган кылмышкерлер" деп атады.

Түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн премьер-министр бүгүн өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кезексиз чукул жыйын өткөрөт. Жыйында аймактагы коопсуздукту күчөтүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу чаралары каралат.
Милан шаарындагы жаштардын жүрүшү башаламандыкка айланды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан