"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жаңы курулган жолдордогу бордюрлардын кулашына жергиликтүү тургундар күнөөлүү" дейт Бишкек курулуш башкармалыгы

Учурда Щербаков көчөсүндө салынып жаткан жолдун сапатына Бишкек шаардык курулуш башкармалыгы жана салып жаткан фирма тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев билдирди.

"Атайын келишим боюнча сапаты тууралуу кепилдиктер бар. Ошон үчүн жол куруу иши жүрүп жаткан учурда эле эки тараптан тынбай текшерүүлөр жүрүп турат. Салынып жаткан жолдун сапаты начар салынса ал жерлер кайра оңдолот. Эгер керектүү талапка жооп бербесе фирманын иши кабыл алынбайт. Ал эми бордюрлардын кулап калуусуна көбүнчө жергиликтүү тургундар күнөөлүү десек болот. Анткени курулуш иштери бүтө электе эле айрым жарандар унаасы менен тебелеп өтүп кетишет. Ошого байланыштуу жаңы курулуп жаткан бордюрлар жыгылып же өз ордунан жылып кетүүдө", - дейт Нурлан Эшенбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман Бишкек шаарынын көчөлөрү сапатсыз оңдолуп жатканын айтып, "төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 3 сантиметр. Анысы аз келгенсип, бордюрлар эмитен кулап жатат" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан