Эки күндөн бери коомчулукта кызуу талкуу жараткан видеодогу кызматкер Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясында иштей турганы маалым болду. Ал кызматкер видеону тарткан айдоочуну эмне себептен токтотконун SUPER.KG порталына айтып берди.
"10-июлда эртең менен Тынчтык жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын аймактагы "Манас" кинотеатрынын маңдайында жол кыймылын көзөмөлдөп тургам. Түштүктөн түндүктү көздөй келаткан кара түстөгү BMW-X-6 унаасын тосуп токтоттум. Себеби анын маңдайкы айнеги алыстан келатканда караңгылатылгандай көрүндү. Анын жанына барып, өзүмдү тааныштырып, "мага унаанын айнектери кир болгондон, алыстан караңгылатылгандай көрүндү. Кете берсеңиз болот" дедим. Ал кеткиси келбей менин бетиме жакын сөөмөйүн кезеп, "мени токтотконуңдун себебин айт, болбосо кечирим сура" дей баштады. Мен "эмнеге кечирим сурайм, шектүү көрүнгөн унааларды токтотууга акым бар" деп, өзүмдүн кызматтык унаам турган жакка басып кеттим.
Ал артымдан келип, менин унаамдын капотуна документтерин таштап, "артымдан мага өзүң алып барып бересиң" деп кетип баратты. Мен анын документтерин берейин деп келатканда, телефонунун камерасына тартып баштады. Калганын айтпасам да, окурмандарга түшүнүктүү болсо керек. Себеби менин эмне дегендеримдин баары жарыяланган видеодо бар", - деди Патрулдук милициянын кызматкери Жыргал Саяков.
Эскерте кетсек, кечээ, 12-июлда Патрулдук милиция кызматкери менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик жаралган видео коомчулукка тарап, окурмандар кызуу талкууга алышкан. Видеого тартып жаткан айдоочунун "эмнеге мени коркутуп жатасыз?" деп айтканы жана кызматкердин "унаанын айнектери караңгы көрүнгөндүктөн токтоттум" дегени жазылган. Бирок чырдын башы эмнеден башталганы айдоочунун тарткан видеосуна түшпөй калган. Патрулдук милиция кызматкери кайда, кайсы бөлүмдө иштей турганы белгисиз болуп жаткан эле.