Жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз дзюдочу коло медалга ээ болду

Бүгүн, 13-июль күнү Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда Кубанычбек Айбек уулу коло медалдын ээси болду.

Коло үчүн мелдеште Кубанычбек Айбек уулу өзбекстандык Максуд Очилов менен беттешип жеңишке жетти.

Маалымдай кетсек, мелдеш 2000-2002-жылкы спортчулар арасында жүрүп, ага 15 өлкөдөн (Кыргыз өлкөсү, Гонконг, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам) келген жалпы 158 спортчу катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos77777
2017-07-13 17:08:29
Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан