Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий делегациясы Өзбекстанга иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий делегациясы алгачкы ирет Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Курсан Асанов баштаган делегация жумуш сапарында Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин орун басары Акромхон Бобохонов жана Ташкент ШИИББинин жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда Өзбекстандын шаардык ишчи иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрү менен таанышты. Тараптардын жолугушуу маалында кызматташуу жана мамилени жакшыртууга багытталган эки тараптуу макулдашууга кол коюу сунушу айтылды.

"1992-жылы эки мамлекеттин Ички иштер министрликтеринин кол койгон макулдашуусу азыркы убакта маанисин жоготуп койгон. Мындан улам жаңы макулдашууга кол коюп, эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын бири-бири менен болгон кызматташуусунда чакырыктарга өз убагында жооп кайтарууга натыйжа берүүчү жаңы багытта иш алып барууну сунушташты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
toktor89
2017-07-13 18:19:06
Мунусу не сурап барды экен эми
-4
Nur90m
2017-07-13 18:42:42
Жакшы жакшы Шугур Кудайга мамиленин жакшырганы жакшы эки тарапка тен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан