Кыргыздын жаратылышына суктанган 5 чет өлкөлүк саякатчынын тарткан сүрөттөрү

Кыргыздын көк мелжиген тоолору, жашыл шибер жайлоолору, шаркырап аккан суулары көпчүлүк туристтерди суктандырып келет. Бала кезде жайлоого чыгып, бак-дарактарды аралап өскөн элибизди табият сулуулугу анча таң калтырбашы мүмкүн. Анткени Бишкектин четине чыкканда эле ак карлуу тоолор көзгө урунат. Тоолуу өлкөбүздүн сулуулугун байкабай жүргөн болсоңуз Кыргыздын кооз жаратылышын сүрөткө тартып алган саякатчы-фотографтардын интернеттеги социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөрүн жарыялайбыз.

Саякатчы блоггер Мэтт Лонг (@LandLopers) социалдык тармактарда өзү барып көргөн жерлер тууралуу жарыялап турат. Анын акыркы сүрөттөрү Кыргыз жеринде тартылган. Ал жеке баракчасына Бурана мунарасы, Караколдогу тоолор, Ош шаарындагы базардын сүрөттөрүн жүктөгөн. Мэтт Лонг Кыргыз жерине суктанганын жашырган эмес.

Саякатчы калифорниялык Кристиан Эддис (@bemytravelmuse) да дүйнө кыдырып, тарткан сүрөттөрүн өзүнүн сайтына жайгаштырып турат. Андан сырткары социалдык тармактардагы окурмандары үчүн жарыялаганын көрүүгө болот. Ал да Кыргыз тоолоруна суктанып Швейцариядагы тоолор менен салыштырган.

Ли Жу Но (@runawayjuno) аттуу корей улутундагы саякатчы блоггердин өздүк баракчасы да Кыргыздын тоолорунун кооздугу, кымыз куюп жаткан аял жана Көк бөрү ойноп жаткан мырзалардын сүрөтү менен толукталды. Анда Соң-Көл, Көк-Көл жана Ысык-Көлдө тартылган сүрөттөр бар.

Филиппиндик Дрю Бински (@drewbinsky) өзүнүн социалдык баракчасына Борбордук Азиядагы өлкөлөрдү кыдырып жүргөнүн жазат. Анын ичинде Кыргыздан сырткары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда болгонун белгилеп, ар бир өлкө өзүнчө уникалдуулукка ээ экенин жазган. "Кыргыздын аймагынын көп бөлүгүн тоолор ээлейт экен. Кыргыздардын келбети көбүнесе монголдорго окшоп кетет. Көчмөн эл экени белгилүү, азыр да боз үйдө жашагандар бар" деп жазат Дрю Бински.

Саякатчы Стефан Бугно (bohemiantraveler) Непал өлкөсүнөн кийин Кыргыз жерине келген. Ал өзү барган өлкөлөрдүн сүрөттөрүн интернеттеги баракчасына чыгарып, окурмандары менен бөлүшүп турат. "Саякатыбыздын көп бөлүгүндө кооз жерлерди жөө кыдырабыз. Ат минип, боз үйдө түнөп калабыз. Андан сырткары Соң-Көлгө, Ысык-Көлдөгү кооз жерлерге барабыз. Ошон үчүн да Кыргыз жерине кайра кайтып келем" деп жазат Бугно.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arlenchik
2017-07-13 20:18:37
Кыргыз жерибиз кандай сонун, жаратылыштын ажайып кооздугу айтып буткус керемет.
+6
grace
2017-07-13 20:52:22
Менин Кыргызстаным, касиеттүү Ата-Мекеним!
+5
mirlanpiter
2017-07-13 22:15:07
Мен озум 10 жылдан ашык убакыттан бери орусияда журом ,коптогон орустарды кордум Кыргызстандан барган ,,баарынан сурайм ? Бири да жаман деген жок Кыргызстан эн сонун дешет
+7
Omurbek998
2017-07-13 23:02:14
Суктанбаштан башка айла жок
+2
muzykant
2017-07-14 09:31:45
Эхх баалаганды билбейбизда Балык суу кок талаага барсанар кооздук ошол жакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан