Бишкекте 5 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык этно-карнавал өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 14-июлда 5 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда "Ысык-Көл досторун чакырат" аттуу эл аралык этно-карнавалынын ачылышы өтүүдө. Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Индия жана Кыргыз мамлекеттеринин кичинекей таланттуу балдарын топтогон фестивалды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган. Карнавалдын катышуучулары алгач "Ала-Тоо" борбордук аянтынан "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко чейин жөө жүрүш жасашты. Учурда конокторго концерттик программа көрсөтүлүүдө.

Министрдин орун басары Салидин Калдыбаев: "Фестиваль балдардын ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатында Адеп, ыйман, маданият жылына карата өткөрүлүп жатат. Бүгүн катышуучулар Ысык-Көлгө сапар тартышат. Ал жактан салтанаттуу иш-чара илимий конференция менен коштолот", - деп билдирди.

Бишкекте эл аралык этнокарнавал өттү
Эл аралык этнокарнавалдын катышуучулары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан