"Мени сотко бермек турсун, атып кете турган болсо да айта кетейин. Муфтий мыйзамсыз шайланды. Аалымдар кеңеши тарабынан да туура эмес шайланды. Бул бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп, анан Максат муфтий болуп калды", - деди бүгүн, 14-июлда укук коргоочу Анвар Төлөмүшов маалымат жыйында.
Төлөмүшов муфтийдин коррупциялык иштерге катыштыгы бар экенин белгилеп, анын мүлктөрү деп бир катар үйлөрдү айтты.
"Максат ажыга муфтийлик кызмат абдан жакты. Динге кызмат кылбай эле өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандай сезилет. Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы Ы.Абдырахманов көчөсүнүн №112-дарегиндеги чоң үйдү 300 миң долларга сатып алып, атасы Токтомушка каттатып койгон. Дагы бири Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишиндеги көп кабаттуу "элитный" үйдөн 4 бөлмөлүү батирди 200 миң долларга алган. Аны да атасына каттаткан. Гоголь көчөсүндөгү "элитный" үйлөрдөн да батир алып жатканы такталып жатат. Мындан тышкары Ош шаарында, Кара-Кулжа райондорунда да үйлөрү бар. Өзү муфтияттын башкы бухгалтердик кызматына алып келген Жеңиш Бекиев экөө байма-бай мүлктөрдү алып жатканы дин чөйрөсүндө айтылып жүрөт", - деди Төлөмүшов.
Маалымат жыйынга катышкан Качкын Булатов да муфтийдин ишмердүүлүгүн сынга алып, өлкөнүн диний чөйрөсүн саясатташтырып жатканын белгиледи.
"Муфтийдин мыйзамсыз иштери жөнүндө далилдүү фактылар менен макала жазып жүрөм. Бирок эч кандай натыйжа чыккан эмес", - деди Булатов.
Маалымат жыйынга катышкан муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев укук коргоочулар көрө албастык менен Максат Токтомушевге жалаа жаап жатат деген оюн билдирди.
"Булар кайсы маалыматка таянып айтып жатышат белгисиз. Туура эмес маалыматты таратып жатышат. Муфтияттын акчасына ушунча мүлктү алып жатат деп айтты, муфтиятка бир эле ажылыктан каражат түшөт. Алар имамдардын айлык маянасына кетет, өлкөдө 166 имам маяна алат.Муфтияттын кызматкерлерине айлык акы төлөнөт. Муфтияттын, казыяттардын имаратындагы коммуналдык кызматтарына акча төлөйт. Азыр жалаа жабышты. Жетекчилик менен кеңешип булардын жоопкерчилигин карайбыз. Ар бир туура эмес айтылган маалыматка жооп бериш керек. Мисалы, Качкын Булатов өзү битир-садагадан түшкөн акчадан жардам сурап алып жүргөн киши", - деди Атабаев.