"Ысык-Көл аймактык ооруканасындагы керебет, төшөнчү, жаш кадрларды тартуу көйгөйлөрүн жетекчилик өзү чечиши керек". Мындай маалыматты бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Самат Тойматов билдирди.
"Ысык-Көл райондук аймактык бейтапкананын башчысынын айтканында негиз болушу мүмкүн. Бирок мен 17 жылдан бери медицина тармагында иштеп келе жатам. Буга чейин бир да жолу аймактык бейтапканаларга министрлик төшөнчү алып берген эмес. Мындай көйгөйлөрдү жетекчи өзү уюштурушу керек. Министрликтен жылына бир жолу бөлүнүүчү каражатты туура пайдаланып маселени чечиши керек. Медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу бейтапканалар дары-дармек менен камсыздалат. Ооруканалар башкаруу системин туура жүргүзсө, медициналык аппараттарды, унааларды сатып алса болот. Бүгүнкү күндө башка аймактагылар ушундай жол менен өздөрүн камсыздап жатат. Албетте, бизде жаңы иштеп баштаган кызматкерге 5 миң сом айлык каралган. Жакынкы аралыкта 30 пайызга көбөйтүү пландалууда", - деп билдирди Тойматов.
Самат Тойматовдун айтымында, өлкө аймагындагы аймактык бейтапканалар өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттар менен камсыздалууда.
"Жасалма дем алдыруучу аппараттар кымбат турат. 2017-жылы жаңы сатып алуу пландалууда. Эң биринчи Ысык-Көл аймагын камсыз кылабыз. Бирок оңдоп-түзөөгө акча жок, аппараттар иштен чыкты дегендер куру шылтоо", - деп кошумчалады Тойматов.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл райондук аймактык оорукананын башчысы Алмира Алдашова бейтапканада абал оор экенин айткан.