Рамазан айында битир-садагага топтолгон каражаттын жалпы суммасы азырынча тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди. Анын айтымында, битир-садаганын суммасы такталып, ушул аптанын соңунда элге жарыяланат.
"Битир-садаганы берүүгө коомчулук жылдан-жылга активдүү катышып жатат. Өткөн жылы битир-садагага 32 миллион сом чогулган болсо, 2015-жылы 31 миллион, 2014-жылы 21 миллион сомдон ашык каражат топтолгон. Анын топтолушу, бөлүштүрүлүшү атайын комиссиянын көзөмөлүндө болот. Жалпы сумманын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда калып, 20 пайызы муфтиятка кетчү. Орозо айында муфтиятка жардамга муктаж адамдардан арыздар келип түшөт. Атайын комиссия аларды категорияларга бөлүп, жалпы сумманын муфтиятка түшкөн 20 пайызын бөлүп берет. Өткөн жылы акчанын басымдуу бөлүгү гемодиализге муктаж бейтаптарга берилген", - деди Атабаев.