Москва-Бишкек каттамы боюнча Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан автобус Орусиянын аймагынан чыгып, Казакстандын чек арасына киргенде кырсыкка учурады. Бул тууралуу "Элдик кабарга" кырсыкка кабылган автобустагы жүргүнчүлөр билдиришти.
"Жүргүнчү ташуучу чоң автобус менен 60тай адам 13-июлда жолго чыкканбыз. 14-июлда түнкү саат 23:00 чамасында келе жатсак, алдыбыздан чоң жүк ташуучу унаа (фура) чыга калып, андан буйтаган айдоочу капталда бара жаткан Газель үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп кырсыкка учурадык. Бактыга жараша, жабыркаган эч ким болгон жок. Ал эми автобус жол жүрүүгө жарабай калды.
Бүгүн башка автобус жалдап, өз ара акча чогултуп жолго чыктык. 3 күндөн бери жол жүрүп келе жатабыз. Жүргүнчүлөрдүн арасында жаш балдар, кош бойлуу келиндер да бар. Казакстандын "Тез жардам" кызматы менен МАИ кызматкерлери келип, абалды көзөмөлдөп турушту", - дейт окурман.
Туугандарын күтүп, сарсанаа болуп жаткандар болсо кабатырланышпасын. Буюрса, 16-июлда мекенибизге жетип калабыз", - деп кошумчалады жүргүнчүлөр.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.