Жанни Версаче 1946-жылы 2-декабрда туулган. Ал 1978-жылы эмерек, телефон, унаа, косметика, аялдар жана эркектер үчүн зер буюмдар, кийим чыгарган “Gianni Versace” аталышындагы маркасын негиздеген.
Жарашыктуу кийинүү, табитке жараша туура тандоо артыкчылыгы Жанниге апасынан өткөн. Кичине кезинен апасын ээрчип жумушка барган Жанни колуна кездеме кармап чоңойгон. Отуз эки жашында апасынын, карындашынын жардамы менен “Gianni Versace” деген компания ачып, ишти баштаган. Башынан мода тууралуу түшүнүгү кеңири болгондуктан компанияны бутуна тургузууга кыйынчылык деле жаралган эмес. Жанни Версаче каза болгондон кийин ишин шакирттери, карындашы жана иниси уланткан.
1997-жылы 15-июлда Италиялык модельер Жанни Версаченин сөөгү Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган. Ага ок аткан гемосексуалист Эндрю Кьюненэн деген адам экени аныкталган.