Кытайдагы соода борбору аялдарын күткөн мырзаларга машыгуу жабдууларын орнотту

Демейде аялдар соода дүкөндөрүнө киргенде шашпай, көпкө чейин жүргөн адаты бар. Алар менен чогуу келген түгөйлөрү бул убакытта эригип кетерин эске алган Кытайдагы соода дүкөнүнүн кызматкерлери мырзалар үчүн машыгуучу жабдыктарды орнотушту.

Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Шанхайдагы соода түйүнүнүн ичине айнектен чакан бөлмөлөр курулуп, бокс үчүн кум толтурулган кап, стол, отургуч, оюндар жүктөлгөн компьютерлер орнотулган.

"Азырынча бул сынактык долбоор болгондуктан кызматтар акысыз. Бирок эгер кардарлардын кызыгуусун күчөтсө азыраак акы алынат. Азырынча бул шарт эркектерди кызыктырып, аларды жубайы менен дүкөндүн текчелерин чогуу кыдыруудан куткарууда. Бирок арасында соода түйүндөрү үчүн бул аракеттер ашыкча экенин айткандары да бар", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aibars
2017-07-15 22:08:33
Атама соонун болмок экен;))) апам экоосу базарга же бир нерсе алганы барса апам 4 саат кыдырып чыгат;)))
0
Linkin.
2017-07-15 22:42:12
Сынактык деген соз башка мааниде го. Бул жерге бул соз туура келбейт.
-1
Ali-han
2017-07-15 22:48:38
Кийинки президент Сооронбай Жээнбеков болот. Отвечаю
-2
asil-08
2017-07-16 00:02:44
Кудай сактаса экен сооронбай жээнбековдон
+11
Jarookerjan
2017-07-16 00:19:07
asil-08 ооба,туура айтасын Жээнбекевдун президент болуп калуусунан кыргыз элин Кудай озу сактасын.
+8
tynara81
2017-07-16 18:12:29
asil-08,чык эшикке деп Кыргызстандан кууп салбасын, жини келгенде. Президент деген эмоциясын кармана билиши керек.
0
Jarookerjan
2017-07-16 00:22:10
Кытайлар жакшы ойлоп табышыптыр.Соода кылганы барганымда менин жолдошумдун да тынчы кетип эле шаштыра берет.Ушундай нерселер бизде да болсо жаман болмок эмес.
+1
Sezim.A
2017-07-16 19:04:31
Атамбаевдин баштаган ишин аягына чыгарат дейт кооо.Эмнени баштап эмнени аяктаарын бир оздору билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан