Ысык-Көлдүн жээгинде кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалаган этнофестивалдан көз ирмемдер (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-июлда Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Тоң айылында "Тескей жээк" деген аталыштагы этнофестиваль өттү. Этномаданий туризмдин өнүгүшүнө жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын кайра жаратууга түрткү берүү максатында уюштурулган фестивалга 200гө чукул чет элдик коноктор, өлкөнүн башка аймактарынын тургундары жана жергиликтүү калк катышты.

Фестивалда тыйын эңмей, эр эңиш, кыз куумай, көк бөрү улуттук оюндары көрсөтүлүп, белгилүү жаа атуучулар жана салбуурунчулар өнөрлөрүн элге тартуулашты. Андан сырткары боз үйдүн кантип тигилери жана башка салттар туристтерге көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класстар өттү.

Чет элдик коноктор менен кыргыздар эки топко бөлүнүп алып аркан тартышка катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Сүрөттөгү жигиттер Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары. Алар Көчмөндөр оюндарында боз үйдү эң аз убакытта, 10 мүнөт 16 секундда тигип, рекорд коюшкан. Жакында бул шамдагай жигиттер 9 мүнөт 55 секундда боз үйдү тигип бүтүп, рекордун жаңылашкан.

Фестиваль "Кара жорго" бий флешмобу менен аяктады.

Дөөлөт Сыдыков
Кара жорго флешмобуна чет өлкөлүк туристтер катышты
Улуттук музыкалык аспаптардын коштоосундагы чыгарма
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidan88
2017-07-16 03:47:12
Kandai keremet kyrgyz jerleri
0
Aidan88
2017-07-16 03:50:32
Festavaldin uyushturuchuularyna yraazychylyk,kaada salt,uluttuk ouyndaryzby ,byilerdi unutpailyk
0
Rasul1987
2017-07-16 07:06:27
Выбирай не выбирай
Президент будет Сооронбай.
-1
Jarookerjan
2017-07-16 13:10:43
Сонун!Кыргызымдын улуттук кийимдери суктанаарлык,тамак аштары тамшанаарлык.Улуттук оюндары адам танкалаарлык жана кызыга турган.Улуттук баалуулуктарыбыз бар болсун!Ыйык сактап урпактарга откоруп берели.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан