"Суусамыр, Кызыл-Ой, Арал айылдары аркылуу кеткен жол туристтер эң көп каттаган жол болуп эсептелет. Төө-Ашуунун башталышы, аталган айылдардын жолдорунан өтүүгө мүмкүн эмес. Жөн гана жаандан кийин грейдер менен тазалап, түртүп коюуга боло турган кара жолдор. Акыркы жолу калктын айтуусуна караганда, жазында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөндө бир аз түртүп коюшкан экен. Ошол боюнча каралбай калган", - дейт окурман.
Окурмандын айтымында, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдырып келе жаткан туристтер Нарын облусунун Жумгал районуна ушул жол аркылуу өтүшөт. "Биз ушул жол аркылуу туристтерге такси кызматын көрсөтөбүз. Алар көп нааразы болушат. Бишкекке да Жумгалдан ушул жол менен каттайбыз. Унаалар эскирип, тез бузулат", - деп кошумчалады ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.