18-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна болгон иш сапарында Өзгөн районундагы "Сары-Таш-Үлүлдүү" кенинде болуп, учурда кенди 12 компания иштетип жатканына күбө болду. Акиташ чыгаруу процессине күбө болгон өкмөт башчы нааразычылык билдирип, тиешелүү иштер жүргүзүлбөй, чыгарылган өндүрүм каттоого алынбай жаткандыгын белгиледи. Премьер-министр Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуевге жана жергиликтүү бийлик органдарына бул кенди бир айдын ичинде иретке келтирүү тапшырмасын берди.