Өзбекстан эл аралык издөөгө салып, Орусияда кармалган Кыргыз жаранына жактоочу дайындалды

Өзбекстан эл аралык издөөгө салып, Орусияда кармалган Кыргыз жараны Талантбек Дехконовго жактоочу дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Орусиядагы Кыргыз элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандын апасы Апиза Актураева бул маселе боюнча элчиликке 10-июлда кайрылган.

"Талантбек Дехконовдун Орусия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кармалганы боюнча элчилик Башкы прокуратурага кайрылды. Кайрылууда анын кармалганынын себептерин жана эл аралык издөө боюнча Кыргыз жаранынын Өзбек тарапка өткөрүлүүсүнүн негиздерин маалымдоо өтүнүчү жазылган", - деп билдиришти тен.

Ал эми Апиза Актураевага уулунун учурдагы абалы боюнча жактоочу кеңеш берди.

"Учурда Актураеванын макулдугу менен уулуна жактоочу дайындалды. Талантбек Дехконов Өзбек органдары тарабынан чек арадан мыйзамсыз өткөнгө айыпталууда", - деп кошумчалашты элчиликтен.

Ошондой эле Талантбек Дехконов буга чейин Өзбек жараны болгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Djal1987
2017-07-17 12:02:48
Коргоп алышыбыз керек кыргыз экен
+8
Altun76
2017-07-17 12:25:13
Озбектердин жараны болгондо Кыргызстана карматып да койбойт болчу,биздикилер да откозуп бербегенге аракет кылыныздар,оз жараныбызды коргош керек.
+5
only_progress
2017-07-17 13:25:50
Кандай жол менен кыргыз жарандыгын алган териштириш керек.
+1
Han1111
2017-07-17 16:06:07
тезиирээк акталып кетсин деп тилейли, ата энесин сарсанаа кылбай.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан