"Чыгып кет, жогол!" деп кыйкырган Кара-Суу райондук ЖААКтын кызматкери иштен кетүү боюнча арыз жазганы маалым болду

"Чыгып кет, жогол!" деп кыйкырган аял түшүнүк кат жазып берди. Ошону менен бирге иштен кетүү боюнча да арыз жазган. Мындай маалыматты бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Гүлзина Абдраимова билдирди.

"Документ алууга келген адамга кыйкырып, орой сүйлөгөн кызматкер бизде иштейт. Бул видео 2016-жылы тартылыптыр. Мында документке келип кызматкер менен урушкан адам өзү сөгүнүп, катуу сүйлөптүр. Мындан улам пикир келишпестик жаралган. Видео коомчулукка тарагандан кийин кызматкер Айжан Мурзабекова түшүнүк катын жазып берди. Эми арызын жазып иштен кетем деп жатат. Анын дарегине айтылган ачуу сындарга чыдабай ыйлап жүрөт. "Балдарым, үй-бүлөм сөгүнгөн, жаман жазылган сындарды окуса эмне деген ойдо калат" деп сар-санаа болууда. Анын жолдошу прокуратурада иштечү. Азыр иштебейт", - деп билдирди Абдраимова.

Эске салсак, буга чейин кызматкердин орой сүйлөп, кыйкырган видеосу жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
ayjan_90
2017-07-17 13:41:00
Куйоосу алдын прокуратурада иштесе значит таанышы коп куйоосунун элди тынчтантырыш учун эле арыз жазып кетем деп жатат дешиптир калп 100% кетпейт коросунор го видеодо баары корунуп турат го ал бала согунуптур деп айтыптыр ушундай кызматкерлерди ХХХ соттош керек бул аялды эч акысы жок бироону согуп чыгып кет дегенге
+11
Revolyutsiya2
2017-07-17 14:02:03
Бул Кара-Суулук "Мусабекова-2" экен да, биринчиси Ат-Башинская болсо...Дегеле гезитке маалымат берген адам тиги кызматкерди "аппак" кылып жазыптыр го... "Пошел вон" десе да унчукпай видеого тарткан адамдын сабыры сабыр экен, башкасы болсо ошол жерде жаткыра чапмак, куйоосу баш прокурор болсо да...Эмнеге бизде "жумуштан кетти" деп мындай иштерди жаап коебуз, бул катын бул кызматтан кетсе, эртен башка май-суттуу кызматка отуруп кайра эле элди какшатат.
+12
BekAmir
2017-07-17 14:02:41
Уяты жок экени корунуп турат. Кыйкырганын ажаан....
+10
Revolyutsiya2
2017-07-17 14:04:00
Мындай орой кызматкерлер эмне учун жоопко тартылбайт?!!
+7
Nargiza1987k
2017-07-17 14:13:49
Ушундайдан келиштирип бетине бир жолу чаап алсам соонун болот эле жылаан экени корунуп тураткоо кетсин жоголсун акмак десе.
+9
mirlan.tulanbaev
2017-07-17 14:26:01
Бул аял кетпейт иштен.калп эле элди тынчтандырган адам болуп иштен кетмекчи болуп жататда.туштон кийин бала-чакасын,уйбулоосун эстеп Калганын мунун.копчулугун какшатат бул.
+6
saiasat2017
2017-07-17 15:01:50
Бироону сындаш оной иштеш кыйын бирок. Жарандык абалды каттоо болумундо дайым барсан очеред жумуш коп. Ал эженин кылган кылыгы туура эмес. Мамлекеттик кызматкер налог толоочулордун эсебинен айлык алгандан кийин андай кыйкырганга эч акысы жок. Сабырдуу болуу керек. Жумуштан кеткени озуно деле дурус болот. Бирок Окмот ушул сфераны козомолго албаса эл дагы ошол жердеги жумушчулар дагы кыйнала берет.
+3
-Sumitra-
2017-07-17 15:11:40
Оштогу ЗАГСта иштегендер деле андан калышпайт.
+4
AKCAHAT
2017-07-17 15:54:17
Кете элек, значит кетпейт дагы)))
+6
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-17 16:09:37
Акыркы күндөрү суперчилер чечип калды, кимди иштен айдашты, кимди больницага тыгышты)))
+10
talant87
2017-07-17 16:53:12
негизи ар бир кызматкер сиз деп суйлош керек же милдетендириш керек
+5
Kumarchik
2017-07-17 17:58:20
нерв жаманда нерв
+4
Ma9
2017-07-17 19:39:01
Кетпейт элди аладаш булар дагы
+4
samash2442
2017-07-17 20:14:43
Кыйкырганды жакшы билет экен,сынды да уга бил! Ыйлабайт бул кебетеси мн.
+3
cholpontolgongylyn
2017-07-17 22:24:49
Дагы бир эн койгойлуу маселе,бул биздин олкодогу иштеп жаткан ишчилердин этиканы маданиятты сактабай,иши тушуп келген адамдарга орой мамиле жасагандыгы болуп жатат. Кайсыл жерге барба очередден тажайсын.Оздорунун ишин так ылдам аткарганы чанда кездешет.Клиенттерге сылык суйлоп,тушундургону саналуу гана
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан