Беларустун Витебск шаарында "Славян базары" фестивалынын алкагында уюштурулган сынакта Кыргыздан барган 12 жаштагы Шамиль Кыязов вокалисттер сынагына жолдомо алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жаш таланттын продюсери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева бүгүн, 17-июлда билдирди.
"Сынакка барып жакшы катышып келдик. Беларустагы Кыргыз элчиси биздин барарыбыз тууралуу кабарды сиздердин порталдан окуган экен. Келип, колдоо көрсөтүп кетти. Шамиль эл аралык сынакка биринчи жолу катышып жаткандыктан, бул ирет диплом менен сыйланды. Ошондой эле Латвияда өтө турган вокалисттердин сынагына жолдомо алды", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган маданий иш-чарага Шамиль Кыязов катышары белгилүү болгон.