Беларуста өтө турган "Славян базары" сынагына 12 жаштагы Шамиль Кыязов катышат

Беларустун Витебск шаарында 11-13-июль күндөрү өтө турган "Славян базары" фестивалынын алкагындагы сынакка Кыргыздын атынан 12 жаштагы Шамиль Кыязов катышат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ырчы Гүлнара Тойгонбаева билдирди.

"Шамиль "KG'тай" сынагынын финалисти. Абдан таланттуу бала. "Славян базары" фестивалынын алкагында өтүп жүргөн балдар сынагына катышкандыктан катуу даярдык көрдүк. Ал сынакка катышууну мен сунуштап, март айында ырларын жаздырып уюштуруу комитетине жөнөткөм. Мен продюсердик милдетин аткарып, Шамиль экөөбүз алыскы жолго чыгып жатабыз. Ал сынакка 2 ыр даярдаганбыз.
1-си "Көчмөндөр оюндарынын гимни", сөзү Уланбек Абдрахманов, обону Эмиль Эген.
2-си "SOS" аттуу Мишель Берженин француз тилиндеги ыры", - деп билдирди ырчы.

Ырчы бул сынакка Кыргыздын атынан бир топ жыл мурун бир гана катышуучу болгонун, ал Айыма Айылчиева экенин кошумчалай кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан