Бишкектеги Пионер жана Комсомол көлдөрү эс алуучулар үчүн ачык. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек шаардык мэриядан кабарлашты.
Бүгүнкү күндө алар сууга толтурулуп, каалоочулар үчүн эшиктери ачылды.
"Жашылдандыруу" ишканасы тарабынан көлдөрдүн түбүндөгү 11 миң метр куб катмарлар тазаланып, 680 тонна кум алынып келинди. Ошондой эле зыянкечтерди жок кылуу максатында 11 500 килограмм туз жана 2000 килограмм кальций хлору колдонулду", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары Каражыгач токоюнда кырсыктарды алдын алуу максатында саат 8:00дөн 24:00гө чейин укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошондой эле эс алуучулардын коопсуздугун саат 12:00дөн 21:00гө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары камсыздашат.