ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте көрүнгөн жерди эле ижарага алып, унаа токтотуучу жай кылып иштете берсе болобу" дейт окурман

"Бишкек шаарындагы "Red Centre" соода борборунун алдындагы унаа токтотуучу жайдын баасы карапайым эл үчүн кымбат" дейт окурман.

"Бул унаа токтотуучу жай кимге караштуу экенин билбейм, бирок баасы кымбат. Бир аз токтоп туруп эле 40 сом бересиң. Ал жер негизи унаалар өтүүчү жол. Бирок ошого карабай жолдорду чийип белги коюп, унаа токтотуучу жай кылып алышкан. 40 сом карапайым элге кымбат эмеспи? Ошол жердегилерден унаа токтоочу жай кимге таандык экенин сурасак, бирөөлөр ижарага алып иштетет дешти. Жолдорду ушинтип ижарага алып туруп иштете берсе болобу? Мэрия көзөмөлдөйбү?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
plaza85
2017-07-18 12:43:05
Кызарган жерден эле жула качсам деп турат экен. Кичине кошумча убакыт берип ошол убактан буткондон кийин тологонго отушубуз керек.
+3
kechirmeni
2017-07-18 12:44:21
Туура айтат. Мындай корунуштор Ош шаарында да толтура. Муну бироо козомолдойбу. Нормалдуу уруксат кагаздарын да нормально корсото алышпайт. Урматтуу Суперчилер ущуну териштирип бересиздерби рахмат!
+6
nurbekasr
2017-07-18 13:06:00
Ушундай көрүнүш Өзгөн шаарында да бар.Жолдун четинен бери ээлеп алган,токтоп өтөйүн десең эле төлө болбосо айдап жөнө деп.
+4
Tunerbei1812
2017-07-18 13:08:04
Ош шаарында да ушул нерсе чегине жетти. Мериянын, ГАИнин билбей, корбой калышы мумкун эмес. Ошолор башында турат билмексен болуп. Арам акчадан алып коюп. Кыргызстандагы мыйзамсыз, жапайы жашоонун бир корунушу да.
+4
ayjan_90
2017-07-18 13:45:08
Мындай корунуштор Кызылкыяда толтура кайда токтотпо стоянка акча толо дешет тажатышты
+2
ZHYRGAl1412
2017-07-18 13:51:03
Москвада 200руб
-4
CEO
2017-07-18 14:04:22
ZHYRGAl1412, бесплатный парковкалар толтура, сен Москваны салыштырба, Кыргызстанда любой кочонун жээги платный парковка болуп калган...
+3
kanatbekabytovich82
2017-07-18 14:07:17
ZHYRGAl1412,Эй акылдуу ХХХ,Москвада дворниктин маянасы 50 мин!
Аааа,сен типа озундун Маскоодо машина айдаарынды жар салганынбы???)))
+3
ZHYRGAl1412
2017-07-18 13:51:14
Саатына
-3
CEO
2017-07-18 14:23:06
Мындай корунуш олконун бардык булун-бурчунда бар, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Озгон ж.б.шаарлардын баарында бар... Жолдун он жанына токтосон да, сол жагына токтосон да платный парковка деп жетип келишет. Мындан шаардык казынага тушсо биртке акча тушуп жаткандыр, калганы ошол кочо жээгин "арендага алган" жеке бизнесмендер менен мэриядагы чондордун чонтокторуно тушот... Ошол учун планый парковкаларды жою керек, кочо жээктериндеги...
+2
abusait
2017-07-18 15:26:16
Дордойдо 50 сом.
+1
sabyr86
2017-07-18 17:56:58
Бишкекте базарларда жолдун четине токтосоң дагы,20 сом төлөп кой деп кууратышат.
+1
Dimonbek
2017-07-19 00:17:46
Эң туура маселе көтөрүлүптүр. Муну айдоочулар түшүнөт. Айдоочулар барбы ??
+2
Kemel29101981
2017-07-19 03:33:36
СДПКачы,шофер,таразачы, телохранитель же ошолордун туугандары болсонуз эмнеге болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан