Ырчы Николай Басков орус алып баруучусу Виктория Лопырёванын колун сурап, чечен президентинен күбө болууну өтүндү

Жакында Чечен Республикасынын борбору Грозный шаарында “Ахмат” футбол клубунун биринчи матчына арналган кечки тамактануу уюштурулуп, аталган өлкөнүн президенти жана орусиялык жылдыздар катышкан. Анда орустардын "алтын үндүү" ырчысы Николай Басков сүйүктүүсү алып баруучу жана “Мисс Россия-2013” сынагынын жеңүүчүсү Виктория Лопырёвага үйлөнүү тууралуу сунушун киргизип, чечен президенти Рамзан Кадыровдон алардын үйлөнүү тоюна күбө болуп берүүсүн өтүнгөн. Президент макул болуп, ыңгайлуу учурду өткөрүп жибербестен, дароо ырчыга үйлөнүү тоюн Грозный шаарында өткөрүүнү сунуштаган. Бул боюнча президент өзү социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, анын астына кыскача билдирүү калтырган.

“Аз калды! 5-октябрь Грозный шаарынын туулган күнүнө карата кылымдын үйлөнүү тою орун алмакчы. Орус Федерациясынын Эл артисти Николай Басков жана белгилүү алып баруучу Виктория Лопырёва баш кошот”, - деп жазган президент.

Бул боюнча алып баруучу эч кандай комментарий бере элек. Ал эми Басков социалдык тармактагы баракчасына сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөттү жүктөп, “жашоо керемет” деген билдирүү калтырган.

Николай Басков сүйүктүүсүнүн колун сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
upol92
2017-07-18 14:32:29
Молодец Рамзан мусулман анын жанында кучакташып жабышуу уят болгону учун, сыйлап баарын скромный кылыптыр. Бактылуу болушсун
+1
Alibay
2017-07-18 14:36:14
Ар мисске суйуусун билдирип журо берет ушул Басков...
+10
Samina007
2017-07-18 14:48:49
Футболист федор смоловтун да аялы болуп жүрдү беле бул лопырева вика
+3
bek.94
2017-07-18 14:54:08
Викториянын белинен келетко Басков.
+6
Drongo
2017-07-18 16:26:40
Россиянын номер биринчи бабниги.
+6
Hadyja
2017-07-18 19:09:07
Каарыганда калжандап,жургонун деп жаман коройун десем,ал орус,болгондо да бай,анан жаш байлыкты суйгон орус кызды алып атат мага мне? деген ой утуп кетти
+4
monok2001
2017-07-18 22:07:17
Суйуктуусу Софи элего бабниктин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан