Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду (фото)

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

"Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алышкан. Хонда Одиссей унаасында 6 адам, оор жүк ташуучу унаада 2 адам болгон. Учурда алардын абалдары канааттандырарлык. Ал эми Хонда Степвагон унаасындагы 9 адамдын 8и (4 эркек, 3 аял, 5 жаштагы кыз) окуя болгон жерден каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен жөнөтүлгөн, абалы оор. Каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Саламаттыкты сактоо министрлиги айдоочунун абалы оор экенин, баш мээсинен катуу жаракат алганын кабарлады.

8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
Patriot7
2017-07-20 12:45:26
Он рулдуу унааларга тыю салуу керек деп какшап эле келебиз... Айрыкча Бишкек-Ош таксилеринин басымдуу болугу он рулдуу унаалар, он рулдуу унаа менен жургунчу ташууга болбойт деп чан басып аткарылбаган мыйзамынар болсо да... Он рулдуу унаалардын айынан канчалаган авариялар болуп канчалары каза болууда... Эмнеге Окмот чара корбойт, жуздоп-миндеп адам олуп жатса да?!!....
+3
Alixan-Nookat.2015
2017-07-20 12:58:32
Бизде бийлик алсыз мыйзам иштебейт болбосом бир парламентте которулгон эле он рулдуу унаалар боюнча ошол менен унутулган, киргенге болбойт каттоого алынбайт деп чечим кабыл алынган такси кылгангада уруксат бербей очойтуп штраф салса токтойт беле он рулдуу унаага.Мен Таджикстанда коргомун оз козум менен элге убакыт берген он рулдуу унааларды айдоого тыюу салган боюнча, аткарбагандарды жолдон тосуп МАИ кызматкерлери рулдарын болгарка менен кесип таштап жаткан
0
NARYNGRAD
2017-07-20 13:02:06
Түптүз жолдон болуптур го, Хонда-Степвагон ортодо калган окшойт, жок калыптыр го. Жандары жаннаттан орун алсын.
+1
betatek-2011
2017-07-20 13:05:48
Окунучтуу!!!!жолдорду ондогон деле жарашпайт биздин опкосу жок кээбирлерге ,тескерисинче асфальттын баарын казыпалып шагыл жол эле кылыпкойуш керек,машина бузулса бузулат,адамдар авариядан олбой аман эсен уйуно жетет
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-07-20 13:07:24
Бул степ айдагандар ото катуу айдайт экен Оштон чыгат курсагын ачканга чейин Рязан сайга жеткирет ал жерден 10 минутага токтоп кофе ичет дагы жолун улайт козунду ачсан шаардасын катар тизилишип алып жарышып кетишет экен анан кандайсынар смертниктер деп коюшат экен бири бирин. Булар чон унаанын артына туруп калса отуп кете албай кирип чыга берет экен чыкканда каршылаш жактан катуу келген унаа болсо кагылышат экен кайра кирип кеткенге жетише албаса анан кырсык адам омурун алат.
+4
kanatbekabytovich82
2017-07-20 13:19:24
Стептин айдоочулары,админ бан кылбаганда жедире турганымды ХХХ жедирмекмин!!! Стептин эле эмес ПДДыны сактабаган ,апасынын или апасындай ойношунун акчасына праваны сатып алып,ойношунун,досунун апасынын машинесин минип,тим эле майбахта отургандай чалкалаган баардык айдоочулар,уйронгулочу правиланы!!!
+2
Hadyja
2017-07-20 13:34:13
Ыйманы Саламат Болсун,туугандардын!Айдоочулук маданиятты,эрежени кантип уйронобуз билбейм.
+1
no.comment
2017-07-20 14:08:20
Он рууль, он руль дейбиз, жок достор, андай деле эмес. Стептин буктолуп калуусуна караганда, ото жогорку ылдамдык. Байкашымча, Степ Одиссейден обгон алып, кайра оз жолуна тушууго успеть этпей калып, камазды сузгон, анан анын артынан барып, Стептин коробкасын Одиссей сузгон.
0
Patriot7
2017-07-20 15:44:20
no.comment, кырсыктын келип чыгышына чон ылдамдык да, машиненин он рулдуу болгону да себепчи... Айдоочу обгон алуудан мурун алдындагы жолду коруу учун толук каршы тилкеге чыгышы керек, айдоочу озу он жакта болгону учун... Каршы тилкеге чыга коюп кобунесе аварияга туш болушат бугункудой болуп...
0
Ayida
2017-07-20 14:11:51
Мазарга сыйынып адамдар кобойуп кетти.Ушулардын кесепети уруп атат.Себеби Казакстандада ушундай болгон бир жылдары
-4
BarsBaatyr
2017-07-20 14:19:38
Ayida,мазарга сыйынса ушундай боло берсе анда союз маалында кырылып калмакпыз го
+2
Patriot7
2017-07-20 15:45:28
Ayida, тоо десе бээ дейсин го.. Сен Кудай менен суйлошуп келдинби, мазардын тиешесин билгидей?!!...
0
BarsBaatyr
2017-07-20 14:18:28
Кеп жолдо эмес айдоочуда.Ылдамдыкты эле сактап айдаса кырсык болгон ченде деле мынчалык коп олум болмок эмес.
+1
Alberttoo
2017-07-20 15:41:21
Ээхх.... чиркин омурлор, жайлары жаннаттан болсун.Айдоочусу жаш экен,алактабай, абайлап айдаса болмок? Озундун эмес жургунчулорундун тагдыры ойлондурбадыбы экен???
0
kenjebek_a
2017-07-20 15:55:55
Мамлекетпи же....Болуп калганы.Тажиктер бир эле буйрук менен жок кылган.Он рулдуу машиналарды баарын жок кылыш керек.Бир депутат менимче Дамира Ниязалрева айтты эле тыйсак элдин эн жакырлары такси кылат деп.Жакыр адам 4,5мин доларга он рулдуу машина алабы.Тартип керек да.Окмотжок кылсын.Согушсуз кырылды го адамдар.
0
uikuchu7
2017-07-20 16:49:52
Каза болгондордун бирөөсү бизге жердеш экен. Кесиптик лицейдин директору болчу.
Жайы жаннаттан болсун.
0
Marjan92
2017-07-20 18:15:13
Кудай каза болгондорду оз рахматына алган болсун.Жакындарына кудай сабыр берсин.
0
kanybek1986
2017-07-26 13:19:11
Он рул сол рул баары бирдей айдоочулар куноолу просто жолдо коп жургон он рулдуу машиналар коп ошого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан