Коомдо социалдык тармактардын кенен жайылуусу менен көптөгөн адамдарды жакындан тааныбасаң да, анын жашоо-турмушу, күнүмдүк кылган нерселери жана жүктөгөн сүрөттөрүнө карата көнүмүш адаттарын билип алуу мүмкүн. Шоу-бизнестин чырай жүздүү жылдыздарынын арасынан сүрөткө бир позада көп түшкөн сулууларга байкоо салып көрөлү.
Ырчы Асел Кадырбекованын көпчүлүк сүрөттөрүн байкасаңыздар бир колун өйдө көтөрүп, башына тийгизип түшөт. Мунун себебин ырчы төмөндөгүчө түшүндүрүп берди.
"Чынын айтсам, сүрөткө түшөрдө бул нерсени көп байкабайм. Анткени сүрөткө бир эле эмес, бир канча түрдүү образ менен түшөм. Бирок социалдык тармакка жарыялаганда, ушинтип түшкөн сүрөттөрүм басымдуулук кылып коёт экен. Мен муну кемчилигим катары кабыл алып, кийинки сүрөттөргө башкача түшкөнгө аракет кылайын", - дейт ырчы күлүп.
Ал эми жаш ырчы Аяна Касымова Асел Кадырбековадан бир аз гана айырмаланып, сүрөткө колдору менен чачын кармап түшүүнү адатка айланткан.
"Түрквизион-2015" сынагынын жеңүүчүсү, жүргөн жеринде шаң коштолгон Жийдеш Идирисова күйөрмандары менен ар дайым шайыр маанайдагы сүрөттөрүн бөлүшүп келет. Алардын көпчүлүгүндө ырчы баш бармагын көрсөтүп, ал гана эмес жанында сүрөткө түшкөн адамдарды да бул нерсеге үйрөткөн.
"Бул "жакты", "баары жакшы" деген белги. Мен сүрөткө түшкөн кезде маанайым жакшы болсо сөзсүз түрдө ушул белгини көрсөтүп түшөм. Эгер мындай сүрөттөрүм көп болсо, демек, менде баары жакшы", - дейт ырчы бул тууралуу.
Ал эми "Non-Stop" дуэтинин солисти Чолпон Талипбекова башкалардан айырмаланып, колун чөнтөгүнө салып сүрөткө түшкөндү жактырат. Ырчынын мындай сүрөттөрүн чөнтөгү бар кийимдеринин дээрлик баарынан байкоого болот.
Актриса жана ырчы Асема Токтобекованын баракчасына көз чаптырсаңыз өзүн-өзү тарткан сүрөттөрдүн көбүндө жаагын таянып түшкөнүн көрөсүз. Бирок ырчы өзү муну байкабаганын айтат.
"Мен сүрөттөрдү кайда, эмне менен алектенип жатканымды билдирүү үчүн гана жарыялайм. Ал эми түшөрдө атайын даярданып, бир кыймыл-аракетти кайталабаганга аракет кылган эмесмин. Ачыгын айтсам жаагымды көп таянат экенимди өзүм байкабаптырмын, бул мен үчүн чоң жаңылык болду", - дейт күлүп.
Жаш ырчылардын катарындагы Айдана Деканын сүрөттөрүнүн ичинен камераны эмес, ылдыйды карап, бир чекитти тиктеп турган фотолор көп кездешет. Ырчы мунун себептери көп экенин айтып берди.
"Камераны карабай сүрөткө түшүүмдүн биринчи себеби назиктикти, уялчаактыкты бергим келгенинде. Менимче, ылдыйды карап туруу - камерадан уялып, жүзүн жашырып алган назик айымдардын образы. Экинчиден, эгер мен бир кооз жерге барып, ошол кооздукту элге көрсөтүүнү кааласам элдин көңүлү менен жүзүмө эмес, артымдагы фонго бурулушу үчүн жерди карап түшөм. Үчүнчүдөн, дүкөндөн кооз кийим алып, аны окурмандарыма сунуштагым келсе да дал ушул образда сүрөткө түшүүнү туура көрөм", - дейт ырчы.
Образын бат-баттан алмаштырып, чачына эксперимент жасоодон тажабаган ырчы Айпери Кубик кызынын белин кармап же бөйрөгүн таянып түшкөн сүрөттөрү басымдуулук кылат. Бул тууралуу ырчы төмөнкүлөргө токтолду.
"Белимди таянып түшкүдөй кыйраткан деле фигурам жок. Болгону фотосессия жасоо учурунда фотографтар кантип түш десе ошентип түшөм. Өзүм сүрөт үчүн атайын кыймыл-аракет ойлоп таппайм, кандай турсам ошол боюнча эле түшө берем", - деди ырчы.
Ал эми Айым Айылчиеванын сүрөткө түшөрдө кол жаңсап же колдорун көтөрүп алмай адаты бар. Муну ырчынын апасы тастыктады. Анын айтымында, кызы камераны көрсө эле кол жаңсай берет.