Курулуп баштаган социалдык мекемелерди бүтүрүүгө бюджетте каражат жоктугун бүгүн, 20-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, 80 пайызга бүткөн курулуштарды бүтүрүүгө дагы каражат тартыш. “Курулуп баштаган мектептерди 3 жылда бүтүрүшүбүз керек. Тилекке каршы, Ысык-Көлдө бир мектеп, Ошто бир мектеп күйүп кеткен”,- деди өкмөт башчы.