Бүгүн, 20-июль күнү саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсыктын күбөсү SUPER.KG порталына "Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Бишкек тараптан катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен сүзүштү" деп билдирди.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 9 адамдын 8и (4 эркек, 3 аял, 5 жаштагы кыз) окуя болгон жерден каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги айдоочунун абалы оор экенин, баш мээсинен катуу жаракат алганын кабарлады.
Ал эми оор жүк ташуучу унаада эки адам болгон. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.