Universal Music Latin Entertainment уюмунун версиясы боюнча, Луис Фонси жана Дедди Янкинин Жастин Бибер менен биргеликте аткарган испан тилиндеги “Despacito” ыры соңку учурдун эң популярдуу ыры деп табылды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, ыр январь айында жарык көргөн, ошондон тарта угармандар 4,6 миллиард жолу угушкан. Мындан улам буга чейин көп угуу боюнча биринчиликте турган “Sorry” аталышындагы Жастин Бибердин ыры 4,38 миллиард угуусу менен кийинки орунга түшкөн.
Бул боюнча ырдын аткаруучусу Луис өз оюн билдирген:
“Бул ырдын хит болушу кокустан эмес, мен аны популярдуу кылууга болгон аракетимди жумшагам, бирок мен мынчалык популярдуулукту күткөн эмесмин”.
Ырга интернет колдонуучулар тарабынан ар түрдүү видеолор тартылган. Алардын ичинен Перу шаарынын тургунунун видеосу эң популярдуу болгон. Видеону коңурук тарткан "ырчынын" жубайы тарткан. Жубайынын айтымында, ал жолдошунун коңурук тартып уктап жатканын 4 жылдан бери видеого тартып жүргөн. Кийин ал видеолорду жээни көрүп калып, “Despacito” ырын аткаргандай жасап койгон. Тамашалуу видеолордон тышкары, ырдын кавер версиялары интернет ааламында кеңири жайылууда.