Өкмөт оң рулдуу атайын транспорттук техникаларды өлкөгө алып кирүүгө уруксат берди

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына алып кирүүгө уруксат берилген оң рулдуу атайын транспорттук техникалардын тизмесин бекитти.

Бул тууралуу маалымат өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Өкмөт башчы кол койгон токтомго ылайык, өлкө аймагына мындан ары оң рулдуу атайын техникаларды гана алып кирүүгө жол берилет. Уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси:

Транспорт каражаттарынын түрлөрү

Арналышы

1.

Автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч

Курулуш жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу үчүн

2.

Жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор

Коммуналдык керектөөлөр үчүн

3.

Өрт өчүргүч

Өрт өчүрүү үчүн

4.

Авариялык-куткаруучу

Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн

5.

Тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар

Айыл чарба өндүрүшүн камсыздоо үчүн

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
rysik79
2017-07-21 12:47:29
Женил унаа деле аралашып кире берет
0
Revolyutsiya2
2017-07-21 13:02:09
Окмотто жалан эле тушунугу томон адамдар иштейби же оз кызыкчылыктарын ойлоп ушул кадамга барышуудабы?!

Орт очургуч унаа дейт, орт очургуч унаа кырсык, орт болгон жерге максималдуу тез баруусу талап кылынат, сиренасын жагып баратса да обгонго чыгып татаал маневр жасоого туура келет. Анан кантип бул максаттагы унаа он рулдуу болушу керек?!! Же Окмоттогу бир ууч жепжутар орт очуруучулор да авария болуп каза болушун каалап жатабы?!! Кайсы логикага таянып айтты ушуну?!!
+13
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-21 14:19:15
Revolyutsiya2, арзанына кызыгып заказ беришетте элдин кызыучылыгы качан еле биринчи орунга койулуп келдиле
+1
TalaCSKA
2017-07-21 18:03:23
Revolyutsiya2,кантип жашап журосун ?деги сенде позитив ойлор болобу ?дайыма эле наалып журосун ?деги сага бир нерсе жагабы ?
-1
Revolyutsiya2
2017-07-21 19:07:51
TalaCSKA, эмне, жаманды жакшы дешим керек беле?!! Позииивдуу жакшы кабар болсо эмнеге наалымак элем?!!

Болгону XXXX
+1
Revolyutsiya2
2017-07-21 13:03:22
Супер Инфо, Окмот кайсы логикага таянып он рулдуу орт очургуч унааларды олкого киргизууго уруксат бергенин билип бергилечи....
+1
kana9151
2017-07-21 13:30:22
Revolyutsiya2,авария унаанын оң же сол рулдуулугунан болбойт. авария ошол рулду башкарып бара жаткан көк мээлердин айынан болот
+7
Revolyutsiya2
2017-07-21 13:50:19
kana9151, сен айткан кок мээлер сол рулдуу унаада да кырсыкка кабылышат. Бирок он рулдуу унаа айдаган айдоочу ар обгонго чыгаарда оз омурун рисковвть этет. Анан ошол рисктердин бири кырсык менен аяктайт, кечоо болгон аварияга окшоп...
+2
Truelensk
2017-07-21 13:56:50
Бут эле озулорунун фирмаларына керектуу унаалар экен. Кок мээ деле тушунсо керек.
+1
ZHYRGAl1412
2017-07-21 14:17:49
Супер инфо он рулдуу уналарга кыргыз чекарасына киргенге болбойбу же каттагангале болбойбу мисалы башка жактын номери менен болсо кирип айдап журо берсе болобу
0
Zhoodarbek-myrza
2017-07-21 14:29:46
Окмот бир айтып эки иш кылган неме экен да, кечээ эле кырсык болсо бугун мынтип уруксат бергени кандай? Такыр туура келбеген нерселерди жасап жатышат.
+3
PROS
2017-07-21 14:53:06
Шайлоочуларга жакшы көрүнүүнүн бир амалы да. Оң рулдуу техника арзан түшөт.
0
Kanatbek81
2017-07-21 15:22:32
Жолдорду ондобойбу техниканы ойлобой,свет суу газды баарына жеткизбейби баасын которбой, маданият медицина мектептерди курушпайбы элди кыйнабай,сельхоз хозяствону которбойбу налогду которбой. кыргыз самандай чачылып журот ар жакта жумуш жок. Элди ойлобойбу биринчи каяктагы уч бурчтук закондорду кабыл албай.
+2
mirkaa5182
2017-07-21 16:33:05
Оң рулдуу болсо деле жакшы жаңылык, япониялык унаалар сапаты жагынан жогору болот.
0
Revolyutsiya2
2017-07-21 16:44:36
mirkaa5182, биринчиден япониялык унаалар немец унаалары менен конкуренция боло албайт, айрыкча Мерседес, Ауди, БМВ маркалары менен...

Экинчиден орт очуруучу унаа сыяктуу унаалар он рулдуу болсо, орт очуруу кызматы кырсыкка бат жетуунун ордуна, озу башка кырсыктын (авариянын) себепкери болот...
-2
Alixan-Nookat.2015
2017-07-21 18:03:03
Мен окмоттун, жетекчилердин сабатсыз экенине ынандым булар туп тамыры менен жоголгондо онолобуз.Булар арзанына кызыгып жататго дейм элдин келечегин ойлобой чонтогун ойлогондор силерге наалат.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-21 18:14:36
Жакшы айдоочуга рулду багажнигине тыгып койсо да айдап жүрө берет. Чала айдоочуга капотко коюп берсең да тыгылчу жерине тыгылат.
Меники оң рулдуу. Кудай сактасын, тыгылып көргөн эмесмин. Обгон алуу проблема эмес, тескерисинче ыңгайлуу - оң жактагы барьерге карап жеңил өтөм. Батпачу жерге батып, айланып качуу рахат. Анан эле билбейм ким кыйналат.
-6
Revolyutsiya2
2017-07-22 02:55:32
TIMON_BERKOWITZ, сен пдд окуп жургонундо он жактан обгонго чыгат деп окулун беле?!! Же жолдун он жагындагы обочинада журуу керек деп жазылган бекен?!
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-22 11:32:15
Revolyutsiya2, илеп белгилериңди таштап, жөн сүйлөп жүр. А десе б дейт. Оң жактан обгон алам деген эч ким жок. Эл катары сол жактан эле алам. Бордюрга эмес барьерге карап. Сен үчүн түшүндүрмө. Жолдун оң жагындагы бетон бордюр деп аталат, калган бүт кооптуу жерлер барьер деп аталат. Астыңдагы, капталыңдагы машинелер, линия, кызыл светофор.. БАРЬЕР)
0
Monaco
2017-07-21 22:08:54
Япония Кыргыз мамлекетине техника жагынан жардам бермек,баары закон ченемдуу болушу учун, кабыл алынган нерсе.Акыркы жылдары катаклизмдер коп болуп жатпайбы,ошондой жерлерде колдонулат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан