Москва шаарындагы Текстилчилер көчөсүндөгү үйлөргө рейд жүргүзгөн жергиликтүү полиция сойкулук менен алектенгендер байырлаган притон табышты. Бул тууралуу полиция жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Массаж кызматын көрсөткөн салондун ичинен Орусиянын ар кайсы шаарынан жана Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнөн барган кыздар кармалган. Аларды кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүүгө шектешүүдө. Арасынан алтооно "сойкулук менен алектенет" деген күнөө менен административдик протокол түзүлдү.
"Булар менен катар 51 жаштагы Москва шаарынын жашоочусу сойкулук кызматын уюштурган деген айып менен кармалган. Анын үстүнөн Орусиянын Кылмыш кодексинин 241-беренесинин негизинде (сойкулук кызматын уюштуруу) кылмыш иши козголуп, сурак берип жатат", - деп жазылат маалыматта.