Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багы куураган бутактардан тазаланбай жатат

Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багы куураган бутактардан тазаланбай жатат. Бактын ичиндеги айрым дарактар түбү менен кыйылып кеткен болсо, кээ бири такыр куурап калган.

Буга чейин Кара-Жыгач сейил багынын башчысы Дамир Исмаилов бакты карап иретке келтирүү, тазалоо иштерине кызматкерлер аз болуп жетишпей жатканын билдирген. Ал белгилегендей, бакты кароодо 12 тазалык кызматкери, 8 кароолчу эмгектенет. Андан бери толук бир жыл убакыт өтсө да андагы абал өзгөрүүсүз.

Кара-Жыгач сейил багы 1881-жылы түптөлгөн. Аталган бактын жалпы аянты 143 гектарды түзүп, 5 миңден ашуун түрдүү дарактар отургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-21 18:29:47
2жыл мурун супердеги достор, Элтр жана дагы бир сайт болуп ынтымакта Кара - Жыгачтагы мусорлорду тазалап чыккан элек. Аягында 50дөй кара чооң пакет мусор топтогонбуз бир күндө. Алып кеткиле деп Тазалыкка чалсак бош эмеспиз деп көпкө күттүргөн. 2 күн өткөндө Элтрге чыгып каласыңар десек 30минуттун ичинде келип калышкан. Болбосо иттер пакеттерди кайра тытып башташкан болчу. Ошентип алар карап турса, биз жүктөп бергенбиз. Мына ошондо түшүнгөм, акча жок жерге мусорчулар да жолошпойт экен.
+1
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-21 18:30:53
Администрация ал ишти көргөн да, билген да эмес. Тазалыкты карманууну чакырган кагаздарды илип чыкканбыз. Ал да 2 күнгө жетти. Аны да бирөөлөр жулуп кетишкен. Деги ким үчүн кылганыбызды билбейбиз. Шаар үчүн деп жүрөк каксак, шаардыктар тебелеп жатышты эмгегибизди..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан