"Жеркенчи" ишканасына бузулган жайыттар үчүн айып пул салынган. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына Аксы районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Улукбек Качыбеков билдирди.
"Жеркенчи" ишканасынын лицензиясы быйыл Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жокко чыгарылып, иши токтотулган. Андан соң алардын керектүү документтери жок жайыттарды бузганы үчүн Экологиялык-техникалык инспекцияга кайрылганбыз. Алар акт түзүшүп, кен казган ишканага айып пул салышкан. Ал эми "Жеркенчи" ишканасына жайыттарды биологиялык жана техникалык жактан калыбына келтирүү тууралуу кат жолдогонбузда, алар "Жайыттарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акчаны бирөөлөр алып кайтарбай жатат. Учурда соттошуу иштери жүрүүдө. Ошол акчаны өндүрсөк эле жайыттарды калыбына келтирип беребиз" деп жооп беришти", - дейт Улукбек Качыбеков.
Эскерте кетсек, бүгүн юрист Номанжан Аркабаев жана Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылынын тургундары пресс-конференцияда Ак-Суу айыл өкмөтүндө алтын казган "Жеркенчи" ишканасы 4 жыл мыйзамсыз иштеп, 20 гектар жайытты жок кылды деп билдирген.