Билим берүү жана илим министри: "Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн бери өлкөдө алардын жетишсиздиги жоюлду"

Кыргыз өлкөсүндө мугалимдердин айлык акысынын жогорулашы менен кадрлардын тартыштыгы азайды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өкмөттүк жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 79 миң 708 мугалим бар. Үч жыл мурун мектептерде 3 миң окутуучу жетишсиз болсо, азыр мугалимдерге 401 бош жумушчу оруну бар. Анда белгиленгендей, ушул жылдын март айына карата өлкөдөгү мугалимдердин орточо айлык маянасы 13 миң 824 сомду түзгөн.

Мындан сырткары министр акыркы беш жылда республика боюнча 309 жаңы мектеп пайдаланууга берилгенин, анын ичинде 77 мектеп өткөн жылы курулгандыгын айтты. Ошондой эле 100 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
dosym
2017-07-21 19:03:28
13 мин орточо деп, элди алдабай эле койгула, орточо айлык 4 миң,
+12
KGstan1981
2017-07-21 19:36:02
Кече жакында Атамбаев мугалимдердин айлыгы торт эсеге которулду деп тим эле болбой кулака лагмандарды илди эле.Эми болсо мунусу орточо айлык 13 мин сом деп ордокторду учуртуп жатат.Эми мен бугунку болгон статистиканы айтайын.Географиядан берген мугалим кошумча биология жана тарыхтан сабактарды отот бул факт.Уяты жок бийлик кулака лагман илгендеринер учун силерди Аллахым озу жазасын берсин Оомийн!
+10
ZHYRGAl1412
2017-07-21 19:42:28
Эххэээ 13000 болсо коп алгандары 20 25000болуп кетпейби баарыле мугалим болуп кетмек анда бул болгону бишкектин корсоткучу а айылдарга баргыча ортодо ортомчулар мин минден жеп отуруп айылдык мугалимдерге 7 8мин эле беришет
+8
ZHYRGAl1412
2017-07-21 19:57:20
Магазин тоноп
-1
Patriot7
2017-07-21 20:39:01
Окмотто жалан Кудайдан жоо качкан калпычылар отурат окшойт... Акыркы жолу мугалимдердин айлыгы качан которулгонун унутуп калышкан окшойт, андан бери канча жыл отту....

Мугалимдердин орточо маянасы 14мин деп коюшат уялбай...

Айылда мугалимдердин алды 14мин албайт го?!!.....
+5
Riokyrgyz
2017-07-21 21:09:12
Меникинин башына 13824 сомбу.Айылда эжейлер 6000 айлык алат,аны дагы корунгон налог,алып калып жатып ашып кетсе 5000 тиет.Кайдагы жомокторду айтпагылчы.
+6
admiral
2017-07-21 21:13:08
Элди озунорго окшотуп акмак кылбагыла
+6
Komrad
2017-07-21 21:34:36
3 мин орунду барган сайын жумуш жоктон кыйналган Эл толтурду да. Окууну бутуп кыйналгандар айласы жок иштеп атат
+3
Nur8088
2017-07-21 21:46:39
Апеей, 13000 дейби? Мен мугалиммин маянам 7000. 13000 сом деген эн жогорку айлык, ага жеткенче канча!
+5
talant87
2017-07-21 21:54:22
ова 20 мин да алсан болот ошого жараща иштейсинда эртеден кечке сабак берип андада жаш балдарды окутсан 2 класты
-3
Ananasky
2017-07-21 22:32:07
Ой команда АША калп айткандан беттери деле чымырабайт ,качан болсо жыргап атабыз дегенден башка соз айтышбайтко булар .
+2
akubeku
2017-07-21 22:34:41
Отчет берип койсо боло берет айылдагы мугалимдердин айлыгын биир барып келейин деген министр жок атаан көру
+3
aman0296
2017-07-21 23:29:13
Окунуу жаны бутуп мугалим болуп иштегендер 3000 сом алат. Аны швеяга келип 2кундо тапса болот!
+4
Totyua.71.
2017-07-22 09:51:03
Каяктагы кобойгон акчаны айтып жатышат саатка Гана толоп жатышат,
майрам кундорго толонбойт,баягы эле койгой,мугалимдер эс алууну унутушкан ...Дагы уялбай бетине кармап коюшат мугалимдерди!!!
+2
kechirmeni
2017-07-22 10:01:25
фантастика,13000 алса жакшы болбойт беле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан